• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Байтик айылындагы мектептин оңдоо иштери толугу менен аяктады

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы А.Сүйүмбаев атындагы мектептин капиталдык оңдоосу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мектеп толук капиталдык оңдоодон өттү. Алсак, терезе эшиктери, сантехник, канализация жана жарыктандыруу системалары алмаштырылып, ички жана сырткы курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлдү. Билим ордону реконструкциялоо наркы 32,3 млн сом түзөт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий