• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкектин негизги көчөлөрүнүн биринде жолду капиталдык оңдоо иши аяктады

Коом 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Байтик баатыр/Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кечээ, 4-августтан тарта аталган көчөнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.

Байтик баатыр\Жусуп Абдрахманов көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Капиталдык оңдоонун алкагында жол четиндеги бордюрлар алмашылтырылып, асфальт катмары жаңыртылды. 1-катмарына 6 см, 2-катмарына 5 см болгон таш мастик афсальт басылды. Жол боюндагы электр мамыларындагы коммуникациялык зымдарды жер асты менен алып өтүү боюнча жумуштар уланууда.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр\Ж. Абдрахманов көчөсүндө капиталдык оңдоо 26-майда башталып, коюлган графиктен бир ай эрте аяктады.

Пикир

Оставить комментарий