• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө 50дөн ашык жарнама алынды

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иши кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери Байтик баатыр көчөсүнүн Аалы Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүүдө.

"Негизги басым латын алфавитинде жазылган жарнак конструкцияларына бурулуп, мындан тышкары, борбордук көчөлөрдүн тротуарларында мыйзамсыз орнотулган жарнак мамылары, ошондой эле имараттардын фасадына илинген башка жарнак баннерлер жана плакаттар алынууда", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө 50дөн ашык жарнама демонтаждалды.

Бишкекте тышкы жарнактын жана маалыматтын иштеши, шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнактын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, жайгаштырууну иретке келтирүү жана рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий