Байтик баатыр – Медеров көчөлөрүнүн кесилиши ачылат – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 4-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсү менен кесилиши ачылат.

Белгилей кетсек, учурда жолду капиталдык оңдоо иштери Байтик баатыр-Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий