• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

"Түндүк электр": Январда абоненттер 5,3 % электр энергиясын үнөмдөдү

Коом 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Январь айында «Түндүк электр» ААКнын абоненттери 39,7 млн. кВт.саат же 5,3 % электр энергиясын үнөмдөдү.

Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан абоненттер бир ай ичинде 707 млн. кВ саат электр энергиясын колдонушкан. Салыштырсак, 2018-жылы ушул маалда «Түндүк электр» ААКнын абоненттеринин керектөөсү 799,6 млн. кВт.саат болгон.

Кыргызстандын борборунда январь айында 22,4 млн. кВт.саат же 6,4% электр энергиясы үнөмдөлгөн. Бишкектиктер пландалган 347,8 млн. кВт.саат электр энергиясынын 325,4 млн. кВт.саатын колдонгон.

Чүй облусунун колдонуучулары 16,5 млн. кВт.саат же 4,8 % электр энергиясын үнөмдөсө, Талас облусунун жашоочулары 764 миң кВт.саат үнөмдөгөн. Алсак, Чүй облусу каралган 341 млн. кВт.саат электр энергиясынын 324,6 млн. кВт.саатын колдонсо, Таласта пландалган 57,8 млн. кВт.сааттын, 57 млн. кВт.саатын эле колдонушкан.

Пикир

Оставить комментарий