Бакай-Ата районунда 275 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.24. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Таш-Кудук айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу катышты.

Белгиленгендей, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий