• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарындагы Аман Асранкулов көчөсүн кеңейтүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 15.12.22./Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Аман Асранкулов көчөсүндөгү жолду кеңейтүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкенге чейин тротуар куруу каралган. Ошондой эле жолдун ортосунда жайгашкан жашыл зонаны көчүрүү, инженердик түйүндөрдү жылдыруу пландалууда.

Бакытбек Жетигенов муниципалитеттин ишинин келечектүү багыттарынын бири унаа тыгындарын жоюу, жаңы жол түйүндөрүн куруу, жолдорду кеңейтүү, жөө жүргүнчүлөргө шарт түзүү экенин баса белгиледи.

Бул долбоордун үстүндө иш келерки жылы башталмакчы. Аталган тилкедеги жолдун узундугу 200 метр, кеңдиги 14,4 метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий