• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баку шаарында "Сагымбайдын Манасы" китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарында "Сагымбайдын Манасы" китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун маалымат кызматы билдирди.

Саамалык Түрк дүйнөсүнүн адабиятынын жана китептеринин экинчи фестивалынын алкагында Эл аралык Түрк академиясы менен биргеликте Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан өткөрүлдү.

"Сагымбайдын Манасы" китебинин автору "Манас" эпосун эң узак айтуу боюнча Гиннесстин рекорддор китебине кирген белгилүү кыргыз манасчысы Рысбай Исаков.

Автор фольклорчу илимпоздор арасында эпостун классикалык үлгү деп эсептелген Сагымбай Орозбаковдон эпостун 9 томдук поэтикалык вариантын китепке кара сөз менен баяндаган. Ошондой эле көөнө жана өздөштүрүлгөн сөздөр чечмеленип, түшүндүрмө түзүлгөн. Китеп "Манас" эпосун кеңири аудиторияга жеткиликтүү кылып, ошону менен жалпы түрк маданий мурасын жайылтууга салым кошууда.

Китептин бет ачарында сөз сүйлөгөн Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун программалык менеджери Мирбек Карыбаев Рысбай Исаковдун китеби муундар ортосундагы байланыштын ачык далили экенин белгиледи.

"Кыргыз элинин руханий жашоосунун сонун үлгүсү болгон "Манас" эпосу – бул бүткүл түрк дүйнөсүнүн өзгөчө табериги, сөз өнөрүнүн көз кайкыткан бийик өрнөгү. Ошондуктан бул китептин түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын жайылтуудагы мааниси өтө жогору”, - деди Карыбаев.

Эл аралык Түрк академиясынын Вице-президенти Эрхан Түрбедар өз сөзүндө "Манас" эпосу жалпы түрк тарыхын жана маданиятын чагылдырган, ошондой эле түркизмдин аң-сезимин камтыган эпос экенин белгиледи.

Салтанат китептин автору Рысбай Исаковдун "Манас" эпосунан үзүндү аткаруусу менен уланды. Иш-чара көрүүчүлөрдүн жана массалык маалымат каражаттарынын чоң кызыгуусун жаратты.

Пикир

Оставить комментарий