• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Томирис" тасмасы Франциядагы кинофестивалдын баш байгесин алды. Анда кыргыз операторлору иштеген

Маданият 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Казакстандык "Томирис" тасмасы Франциядагы "L'Étrange Festival" кинофестивалынын баш байгесин алды. Бул тууралуу Кыргызстандын киноматографисттер бирикмесинен билдиришти.

Тасманы казакстандык режиссер Акан Сатаев тарткан. Ал эми тасманын операторлору катары кыргызстандык операторлор Хасан Кыдыралиев менен Жантай Кыдыралиев иштеген.

Тасманын бет ачары былтыр 25-сентябрда Нур-Султан шаарында болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий