• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүй облусундагы мечит жана медреселерге муфтият тарабынан 3 миң 640 даана Куран китеби берилди

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Чүй облусунун мусулмандар казыятынын карамагындагы мечит жана медреселерге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан 3 миң 640 даана Ыйык Куран китеп берилди.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, китепти тапшырууда облустагы ар бир райондун баш имам хатибдерине жыйын өтүп, ар мечит жана диний окуу жайларга 8 даанадан таратылып берилмекчи.

«КМДБ тарабынан келген Куран китептерин жакын аранын ичинде ар бир мечит жана диний окуу жайларга тапшырабыз. Тирүүлөргө эскертүү катары жиберилген бул Куран китеби, буюрса жалпыбызга эскертүү болуп, кандай максатта таратылган болсо, ошонун бардыгы ишке ашат деген үмүттөбүз. Куранды бизге чейин жеткирип берген ар бир момун мусулман бир туугандарга ыраазычылыгыбызды билгизебиз», — деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Кыргызстанга Сауд Арабиянын Медина шаарынан 34 миң даана Куран китеби келген.

Пикир

Оставить комментарий