• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин декларациялоо: Айрым толуктоолорду киргизүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Өкмөт келерки аптада мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешесин жана мүлкүн декларациялоо тууралуу мыйзам долбоорун парламентке алып чыгат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, ал мыйзам долбооруна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өзүнө жана туугандарына катталган мүлктү эле эмес, иш жүзүндө колдонуп жүргөн мүлктү да декларацияда көрсөтүшү керек болот.

"Андан тышкары, жакын туугандары жана алардын мүлктөрү, активдери тууралуу берилүүчү маалыматтардын катары кеңейтилип жатат. Учурда декларацияда көрсөтүлгөн маалыматты текшерүү үчүн 2 гана негиз бар. Ал экиден сегизге чейин көбөйтүлүп жатат", - деди ал.

Ал текшерүү үчүн белгиленип жаткан айрым негиздер тууралуу айтып берди. Маселен, алардын ичинде: 2 млн сомдон ашык каражатка мүлк сатып алганы жөнүндө маалымат, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтын туура эместиги, эсебинде же накталай түрдө 2 млн сомдон ашык каражат бар экендиги боюнча маалымат, мамлекеттик, муниципалдык кызматкер же анын жакын тууганы мүлк же акция сатып алып, анын суммасы мамлекеттик кызматкердин акыркы 3 жыл ичинде расмий түрдө тапкан кирешесинен ашса.

Пикир

Оставить комментарий