• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Үчүнчү “Руханий Жибек жолу” конференциясы Кыргызстанда өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда үчүнчү “Руханий Жибек жолу” конференциясы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 13-сентябрда Бишкекте үчүнчү Эл аралык “Руханий Жибек жолу” конференциясы өткөрүлөт. Биринчи конференция Кытайда, кийин Россияда өткөн, эми ал биздин өлкөдө өтмөкчү. Аталган конференциянын башкы максаты – ислам, тактап айтканда, аны кантип колдонушууда жана динди кантип каралоодо.

“Учурда интернеттин жардамы менен исламды радикалдаштыруу жүрүүдө, биз бул маселени чечүүгө ниеттенип жатабыз. Биз алдыда күтүлүп жаткан жолугушуудан соң элдерге чыныгы ислам менен элдерге таңуулап жаткан диндин айырмасын жеткиребиз деп үмүт кылабыз”, - деди муфтий.

Пикир

Оставить комментарий