• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кореялык адистер кыргызстандык жаштарга туура кесип тандоо багытында лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Бишкектин чет жакасында жайгашкан Азия кайрымдуулук борборунда Кореядан келген делегация кыргызстандык жаштар менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Кореядагы ардактуу консулу, Asia Children Charity (Азия балдарына камкордук) борборунун негиздөөчүсү Ким Жонг Гу баштаган кореялык делегация жаштарга туура кесип тандоо багытында лекция окуду.

Алгач сөз ардактуу консул Ким Жонг Гуга берилип, ал катышуучуларга өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанга келген негизги максаты тууралуу айтып берди.

“Мен Кыргызстанга фонддун абалы менен таанышып, анда жашап жаткан балдарга билим берүүдөгү жеке тажрыйбам менен бөлүшүү максатында келдим. Себеби, Азия кайрымдуулук борборунун негизги вазыйпасы балдардын кыялын, максатын ишке ашырууну көздөйт. Биз аларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Ким Жонг Гу.

Ошондой эле жолугушууга Кореянын мурдагы юстиция министри Ли Сёң Ён да келген. Ал жаштарды китеп окууга үндөп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жүргөн “Манас” эпосу тууралуу кеп кылды. Ал “Манас” эпосунда элдин тайманбастыгы, өжөрлүгү абдан жакшы сүрөттөлгөнүн айтып, жаштарды тарыхты жакшы билүүгө чакырды.

Иш-чаранын соңунда маданий программа тартууланып, Азия кайрымдуулук борборундагы балдарга акчалай белектер тапшырылды.

Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (Asia Charity Center) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык уюм болуп саналат. Уюмдун негизги максаты - балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий