• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бакуда БУУнун конференциясынын алкагында Кыргызстандын павильону ачылды

Экономика 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (COP29) тараптар конференциясынын алкагында Кыргызстандын Улуттук павильону ачылды.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, COP29да Кыргызстандын Улуттук павильонунун ачылышы өлкөнүн экологиялык демилгелерин дүйнөлүк деңгээлде көрсөттү.

Кыргызстан өз павильонун биринчи жолу ушундай жогорку деңгээлде көрсөтүп, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, анын кесепеттерине ыңгайлашуу жана уникалдуу экосистемаларды коргоо жаатындагы аракеттерин таанытты.

"Павильон туруктуу өнүгүү жана "жашыл" экономикага өтүү боюнча тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасына айланды.

Бул окуя дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Кыргызстандагы экологиялык чакырыктарга бурдуруп, экология жаатындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий