• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес формада сатуудан сатуу салыгы алына баштады

Экономика 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-январынан баштап накталай эмес формада төлөнүүчү товарларды сатууда, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда накталай формада төлөнгөндөй эле сатуу салыгы алына баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Алсак, сатуу салыгынын төмөнкү ставкалары колдонулат:

– КНС салынуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 1 пайыз өлчөмүндө, калган иш үчүн – 2 пайыз өлчөмүндө;

– КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 2 пайыз өлчөмүндө, калган иш үчүн – 3 пайыз өлчөмүндө.

Ошондой эле банктар, турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча куруучулардын иши үчүн – 2 пайыз өлчөмүндө, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн – 5 пайыз өлчөмүндө сатуу салыгынын ставкалары каралган.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде колдонуудагы Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралууда.

Пикир

Оставить комментарий