• 86.5
  • 91.23
  • 0.87

Дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлорунун ишин күчөтүү тапшырмасы берилди

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу иш сапарынын жүрүшүндө Органика департаментинин имаратынын абалы менен таанышып, министрликке тиешелүү мекемелердин жетекчилеринин аткарып жаткан ишмердүүлүктөрүнүн маалыматтарын укту.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, аталган имарат 1984-жылы курулуп, ошондон бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада министр Бакыт Төрөбаев имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүнү, келечекте мекемеге Фермерлерди тейлөө борборун (ФТБ) жайгаштыруу боюнча тапшырмаларды берип, чечимдер кабыл алынды.

Азыркы учурда Фермерлерди тейлөө борбору Сузак райондук администрациясынын имаратында жайгашып иш алып барууда. Анда дыйкандар райондук мекеме-ишканалардын адистеринен, "Айыл-Банк", "Элдик Банк" ААКтын өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Белгилей кетсек, министр Бакыт Төрөбаев борбордун иши менен таанышкан учурда дыйкан-фермерлерге толук кандуу жардам көрсөтүү үчүн ФТБнын ишин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий