Бакыт Төрөбаев Аралды сактоо эл аралык фондунун аткаруу комитетинин төрагасы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Аралды сактоо эл аралык фондунун (АСЭФ) аткаруу комитетинин төрагасы Асхат Оразбай менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын АСЭФ алкагындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, фондду мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир жана көз караштар менен алмашышты, ошондой эле уюмдун алкагында үстүбүздөгү жылы боло турган иш-чараларды карашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары АСЭФты реформалоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул процесс Борбордук Азия регионунда суу ресурстарын сактоого жана топтоого көмөктөшүүчү инфраструктуралык долбоорлорду жакшыртууга багытталган жаңы аймактык түзүмдүн жогорку натыйжалуу жана ачык-айкын ишмердүүлүгүн түзүүнү камсыз кылат.

Тараптар фонддун уюштуруу түзүмүн жана мыйзамдык базасын реформалоо процессин тез арада аяктоо зарылдыгы жөнүндө бирдей пикирде болушту.

Пикир

Оставить комментарий