• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Шахтадагы жарылуу. Акылбек Жапаров Казакстандын премьерине көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 28.10.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловго Казакстан Республикасынын Караганда облусундагы шахтадагы жарылуунун кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Казакстан Республикасынын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуунун кесепетинен адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий