• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чек ара кызматынын куралдануусуна заманбап "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттары келип түштү

Президент 0


Бишкек, 28.10.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров жаңы "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттары келип түшкөн учкучсуз учуучу аппараттардын базасы менен таанышты.

Мамлекет башчысы базанын инфраструктурасы жана учкучсуз учуучу аппараттардын мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча күжүрмөн күзөтүн уюштуруу менен таанышты.

Садыр Жапаров өлкө тарыхында Чек ара кызматына биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен “Акынжы” жана “Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганын белгиледи.

Ал аскердик базада колдонулуучу заманбап, жогорку технологиялык учкучсуз учуучу аппараттар, күжүрмөн кызматты камсыз кылуучу техникалар жана жабдыктар мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздоого чоң өбөлгө болорун баса белгиледи.

Президент аскерлер жаңы үлгүдөгү курал-жарактарды жана аскердик техникаларды толугу менен өздөштүрүп, чек ара коопсуздугун камсыздоого максаттуу колдоноруна ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров жоокерлердин ар биринде Айкөл Манас атабыздын руху болуусун каалап, насаат сөзүн айтты: базанын техника менен куралдарын натыйжалуу жана аяр пайдалануу.

Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы Түркиянын жараны, Baykar Defence компаниясынын башкы директору Байрактар Лютфю Халукту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы - "Даңк" ордени менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий