• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кумтөр кенинде оор жүк ташуучу техниканын айдоочусу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.23./Кабар/. Кумтөр кенинде оор жүк ташуучу техниканын 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан билдиришти.

Билдирүүдө кырсыктын чоо-жайы тууралуу эч нерсе айтылган эмес, бирок учурда адам өлүмүнө алып келген окуянын себептери иликтенип жаткандыгы айтылат.

««Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги жана эмгек жамааты каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Кызматкердин үй-бүлөсүнө тийиштүү көмөк көрсөтүлүп, материалдык жардам берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Компаниядан кырсыктын себептери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий