• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бакыт Төрөбаев "Элита" мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн районунун Байтик айылында "Элита" асыл-тукум станциясы" мамлекеттик ишканасынын ишин жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында министр Төрөбаев ишкананын учурдагы абалы менен таанышып, малдын асылдуулугун арттыруу багытындагы уруктандырууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ишкананын чарбасына тиешелүү 100 гектар жерге эгилген сафлор, арпа, буудай, жүгөрү, төө буурчактын өсүмдүүлүгүн көрүп чыкты.

Натыйжада, түшүмдү жыйнап алгандан кийин аны максатка ылайыктуу иштетүү, ишкананы реформалоо боюнча министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Мындан сырткары, ишкананын чарбасын заман талабына ыңгайлуу кылып оңдоп-түзөө, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, малдын асыл тукум элиталык уруктарын өндүрүү багытындагы иштерди жүзөгө ашыруу боюнча милдеттүү түрдө аткарыла турган иштердин ченемдери белгиленди.

Негизги максат – республика боюнча малдын асылдуулугун арттыруу багытындагы уруктандыруу иштери "Элита" асыл-тукум станциясы" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп тургандай деңгээлге көтөрүү.

Пикир

Оставить комментарий