• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Суусамыр – Талас – Тараз жолун курууда мамлекетке 10 млн сом зыян келтирилген

Коом 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, тиешелүү адистерди тартуу менен текшерүү иштери учурунда, Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун айрым тилкелерин курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда мамлекетке 10 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Азыркы учурда бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тийешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий