• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Балдар арасында онкологиялык оорулардын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Жооп

Ден соолук 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. КР Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков "Кабар" агенттигине балдар арасында онкологиялык оорулардын көбөйүшүнүн себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда оорулууларды эсепке алуу жана алардын дартын аныктоо жакшырды, буга байланыштуу ооруну аныктоо көрсөткүчү өстү. Дарыгер белгилегендей, оорунун өсүшү байкалган жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 2022-жылдын аягында балдар арасында онкологиялык жана онкогематологиялык оорулардын 180 жаңы учуру катталса, 2021-жылы 120, 2020-жылы 140 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий