• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кореялык дарыгер: Кыргызстан тез өнүгүп жатат

Ден соолук 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. “Кыргызстанга ар бир келгенимде анын тез темпте өнүгүп жатканын байкап жатам”, - деген оюн Кореядан келген ыктыярчылардын тобунун башчысы, дарыгер Ким Хён Чин “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Айтымында, ал Кыргызстанга 4-ирет келүүдө.

“Биз Улуттук госпиталдын отоларингология бөлүмүнө 36 миң долларлык эндоскопияны алып келдик. Андан сырткары 3 миң долларга алынган компьютер, интерактивдүү такталарды жана проекторду белекке бердик. “Сеул” медициналык борборунан келген дарыгерлердин арасынан 2 лор-дарыгер 3 күн бейтаптады кабыл алышат. Бир жарым күндө алар 100 оорулууну караганга жетишишти. Биздин келгенибиздин максаты – бейтаптарды кабыл алуу эле эмес, кыргыз дарыгерлерин жаңы жабдууну колдонууга үйрөтүү”, - деди ал.

Ким Хён Чин кыргызстандык дарыгерлердин тырышчаактыгын белгилеп, окуп-өнүгүүгө каалоолору чоң экендигин айтып өттү.

“Мага сиздердин ашканаңыздар жагат, тамактардын баары аябай даамдуу. Алардын арасынан койдун эти, лагман жана нан көбүрөөк жакты. Кыргызстандын эли меймандос, бизге жакшы мамиле жасап жатышат”, - дейт дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий