• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмдөө кайсы оорулардан коргойт? Тизме

Ден соолук 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору калк арасында кызамык оорусунун көбөйүп жатканына тынчсызданууда.

7-мартка карата өлкө боюнча кызамыктын 4 миң 855 учуру катталды. Оорунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда. Ооругандардын көбү 1 жаштан 4 жашка чейинки балдар. Оору эмдөөдөн баш тарткан үй-бүлөлөрдөн көбүрөөк аныкталууда.

Борбордон белгилешкендей, эмдөөнүн жардамы менен адамзат өз көзөмөлүнө алган оорулардын тизмеси абдан кеңири. Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык, Кыргызстандын бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана фельдшердик-акушердик пункттарда көптөгөн ооруларга каршы вакцинаны алууга болот. Төмөнкү ооруларга каршы вакцина акысыз сайылат:

● В гепатити
● Кургак учук
● Кызамык
● Эпидемиялык паротит
● Кызылча
● Көк жөтөл
● Полиомиелит
● Кептөөр
● Селейме
● Гемофилдик инфекция
● Пневмококк инфекциясы
● Ротавирус
● Жатын моюнчасынын рагы

Ошондой эле чоң адамдар COVID-19га жана сасык тумоого каршы вакцинаны сайдыра алышат. Бир катар вакциналарды жеке медициналык борборлордон да алууга болот:

● Менингит
● Кутурма
● Келте
● Суу чечек
● Безгек
● Холера

Пикир

Оставить комментарий