• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги Жумабек көчөсүн оңдоп-түзөө иштери сентябрдын башында аяктайт

Коом 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Бишкектеги Жумабек көчөсүн оңдоп-түзөө иштери сентябрдын башында аяктайт, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, жолду оңдоо иштери Жумабек көчөсү боюнча Кулиев көчөсүнөн Заводской посёлок көчөсүнө чейин башталган.

Учурда узундугу 540 погон метрди түзгөн жолдо капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Заводской посёлок көчөсүнө чейин узундугу 300 погон метр болгон унаа жолуна жана тротуарга асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери аяктады.

Ошондой эле, 240 погон метр жерге тосмо таштардын ордун даярдоо жана ирригация системасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул объектте жылдырыла турган 5 даана мамы жана түркүк бар.

Капиталдык курулуш иштерин сентябрь айынын башына чейин жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий