• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Селфи" менен “ооругандар”

Коом 0

21- кылымда техниканын өнүгүшү менен мобилдик телефондорго ар кандай кошумча каражаттар жүктөлүп жатканы белгилүү. Ошондой эле, камеранын жардамы менен "online" түрдө жүктөлүп жактан сүрөттөрдүн саны дагы түрү дагы көбөйүп жатат. Учурда жаш балдардан баштап, чоң кишилерге чейин мобилдик телефон колдонушат. Алар кайсыл жерге барбасын "селфи"ге түшкөндү эсинен чыгарышпайт. Жаштардын да, чоң кишилердин да арасында кеңири колдонулган " Селфи" деги эмне?

"Селфи" интернетке, социалдык тармактарга жүктөлүп жактан медиа файлдын бир түрү болуп саналат. Тагыраак айтканда, өзүн өзү сүрөткө же видеого тартуу "Селфи" деп аталат.

2013- жылы "Селфи" сөзү кеңири колдонула баштайт. Ошол жылы Oksford сөздүк жазуучулары жылдын эң көп колдонулган "жылдын сөзү" деген статус беришет. Ошондой эле, англис тили сөздүгүнө киргизилет.

Азыркы учурда “селфини" кеңири колдонгон 22 жаштагы Нуржамал Саматованы сөзгө тартык .

“Мен кайсыл жерде болсом да мисалы, тойдо, кафеде, университетте, үйдө, көчөдө селфиге түшкөндү унутпай турган болуп калдым. Жакшы көргөн кишилерим менен сүйлөшүп отуруп телефонду ала калып селфиге түшүп коем. Эмне мынча көп селфиге түшкөнүмдү да өзүм да билбейм. Бирок күнүмдүк жашоодо эң көп колдонулган нерселеримдин бири болуп калды. Чынын айтсам селфи менен оруп калдым десем болот. Ошондой эле селфиге түшө калып интернетке жүктөп коем. Телефон жашоомдун бир бөлүгү болсо "Селфи" дагы ошондой болуп калды”, - дейт Нуржамал.

Ал эми 40 жаштагы Элмира Аширалиева "Селфи" тууралуу: "Мен жаштардан көрүп эмнеге өзүн өзү сүрөткө тарта берет дечүмүн. Бирок азыр мен да тойдо түгөйлөр, туугандарым менен селфиге түшө турган болдум. Үйдө 4 жаштагы кызым да телефонду кармап алып өзүн өзү сүрөткө тартып отурган болот. Кээде “апа келиңиз сүрөткө түшөбүз” деп селфи тартып коет. Кызым үчүн албетте өзүн карап сүрөткө тарткан кызык болсо керек да",-дейт.

Ошондой эле, 19 жаштагы Ёдгора Тастанбекова: "Мен" Селфи" конокко барардан мурда же болбосо көчөгө чыгарган мурда көп колдоном. Анткени сүрөткө карап өзүмдүн кандай абалда экенимди көрүүгө болот. Анан дагы кандайдыр бир кийим сатып алардан мурда сүрөткө тартып койчу дейбиз. Биз бул абалга көнүп калганбыз.Селфи бизге үстүбүздөгү кийим кандай турганын айтып берет. Ошону менен бирге селфиге кээ бир унутулгус учурларды эстелик катары сактап калуу үчүн колдоном",- дейт.

Айта кетсек АКШнын мурдагы вице-призденти Жо Байден менен мурдагы президенти Барак Обаманын түшкөн селфиси инстаграмда толгон талкуулар менен көптөгөн лайк жайнаган эле. Ошондой эле Америкадагы "Chainsmorkes" дуэти да Селфи жөнүндө клип тартышкан. Белгилүү болгондой, учурда" Селфи"ни көптөгөн кишилер колдонушат.

Гульнара Тажиханова

Пикир

Оставить комментарий