• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бакыт Төрөбаев "Касиет" жип ийрүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Токмок шаарында "Касиет" камволдук-жип ийрүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, фабриканын негизги өндүрүшү - трикотаж өнөр жайы үчүн таза жүндөн жана жарым жүндөн ийрилген жиптерди чыгаруу. Пландаштырылган өндүрүш кубаттуулугу жылына 1500 тонна жип болсо, чыныгы өндүрүш кубаттуулугу жылына 75 тоннаны түзөт. Фабрика өндүрүш үчүн керектүү бардык жабдуулар менен камсыздалган.

Негизги чийки зат Кыргызстан менен Казакстандан алынган уяң койдун жүнү, химиялык булалар болсо Беларусь, Россия жана Өзбекстандан алынат.

Бирок, 2015-жылдын декабрынан баштап банкрот болууга байланыштуу "Касиет" камволдук-жип ийрүү фабрикасы өзүнүн өндүрүш кубаттуулуктарын “Вива Текс” жабык акционердик коомуна ижарага берип келет. Фабрика мурдагы Токмок камволдук-жип ийрүү фабрикасынын базасында түзүлүп, Токмок шаарынын өндүрүш аймагында 217,06 гектар жер аянтын ээлеп турат.

Жыйындын соңунда фабриканы толук өндүрүш кубаттуулугуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талдап, тиешелүү сунуштарды берүү жагы министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө тапшырылып, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий