• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык өндүрүүчүлөргө РФда маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарлары тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жеңил өнөр жай товарларын өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар менен окуу иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө салык кызматкерлери 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Россия Федерациясынын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларынын тизмеси жөнүндө маалымат беришти.

Ошондой эле семинардын катышуучулары товарларды үзгүлтүксүз экспорттоону камсыз кылуудагы иш-аракеттер, салык салуу режимдерин колдонуу, аларды эсептөө тартиби, төлөө мөөнөттөрү жана салык жеңилдиктеринин өзгөчөлүктөрү, жөнөкөйлөтүлгөн салык салуунун ставкалары, ЭТТК, ЭЭФ, ККМ жана башка маанилүү салык темалары боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты

Семинардын катышуучулары салык кызматынын адистеринен өздөрүнүн суроолоруна толук жоопторду алышты.

Салык кызматкерлери электрондук соода чөйрөсүндө домендик аталышты же Кыргызстанда катталган IP-дарегин милдеттүү түрдө колдонууну, ошондой эле банктагы эсеби аркылуу бардык иштер боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү эскертишти.

Белгилей кетсек, электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыктын ставкасы 2 % өлчөмүндө белгиленет.

"Альфа Телеком" ЖАК улуттук маркировкалоо операторунун өкүлдөрү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн маркировкалоо коддорун teksher.kg сайтынан алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүштү Алар main.teksher.kg. сайтында жайгашкан маалыматтык материалдар менен бөлүшүштү

Мындан тышкары, Wildberries компаниясынын өкүлү электрондук коммерция чөйрөсүндөгү иштер, ишкердикти өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жакшыртуу тууралуу айтып берди.

Жеңил өнөр жай товарларын өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн ушундай эле окуу семинары Ош шаарында дагы өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий