Бишкек, 19.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Венгрияга болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар жеке менчик компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышып эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү.
Алгач минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Hunland компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда сүт жана эт азыктарын, тоют өндүрүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелери сүйлөшүлүп, ири мүйүздүү асыл тукум бодо мал чарбачылыгы жаатында иш жүргүзүүнү каалаган ишкерлерди колдоо максатында Кыргызстанда мамлекеттик программа иштелип жатканы айтылып, бул багытта инвесторлор менен активдүү иш алып барылаары айтылды.
Ошондой эле, үй багытындагы канаттуулар чарбачылыгы жаатында иш жүргүзгөн “Бабольна тетра” компаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда жогорку көлөмдө тоок этин өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын “ТРиТ” ЖЧКсы менен Венгриянын "Бабольна Тетра" ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Мындан тышкары, минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Венгриянын Дунаваршань шаарында жайгашкан бал өндүрүү боюнча “Fulmer Apiary” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда балчылар менен түздөн-түз иш алып баруу, анын натыйжасында балдын сапатын жогорку деңгээлге чыгаруу жана европалык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча компаниянын тажрыйбаларын Кыргызстанда колдонуу маселелери сүйлөшүлүп, бул багытта ата мекендик балчыларды окутуу боюнча онлайн-конференция уюштурула турган болду.
Ошондой эле Кыргызстандын балын Венгриянын лабораториясынан өткөрүү аркылуу Европа рыногуна жогорку көлөмдө чыгуу макулдашылды.
Пикир
Оставить комментарий