Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.
Ведомстводон маалымдашкандай, бүгүн министр Сузак районунда III Элдик курултайда айыл чарбасы жаатында маселелер менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жеринен угуп, аны чечүү жолдорун талкууган жолугушуу өткөрдү.
Жалпысынан Сузак району боюнча курултайда айыл чарбага тиешелүү 10 маселе көтөрүлгөн. Алардын ичинен: ирригация боюнча – 4, таза суу – 3, жайыт жана мал чарбасы – 1, кайра иштетүү, логистика тууралуу – 2 маселе айтылган.
Отурумдун жүрүшүндө көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча аткарылган иштер белгиленип, тиешелүү мамлекеттик органдарга жеринде тапшырмалар берилип, конкреттүү чечимдер кабыл алынууда.
Пикир
Оставить комментарий