• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өзгөн районунда рейддин жүрүшүндө көзөмөлсүз жүргөн 70 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Өзгөндө "Өспүрүм-түн" рейди өтүп, көзөмөлсүз жүргөн 70 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаранын максаты балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Анын алкагында түнкүсүн көчөдө чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелери жерине чакыртылып, эскертүүлөр берилди.

"Түндө көчөдө көзөмөлсүз жүргөн балдарга жана алардын ата-энелерине түнкү убакытта балдарга карата жана балдар тарабынан укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 54 баланын ата-энесине КР Укук бузуулар кодексинин 74-беренесинин ("Балдардын түнкү убакытта ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүргөндүгү") негизинде протокол түзүлдү.

Эскерте кетсек, түнкү саат 22:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн жаш балдарга мыйзамдуу чектөө бар.

Пикир

Оставить комментарий