• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бала коронавирус менен ооруп калса эмне кылуу керек? Ата-энелерге кеңеш

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Баласы коронавирус менен ооруп калганда педиатрга же үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, аларга оорунун бардык белгилерин айтып берүү зарыл. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Дарыгер баланын учурдагы ден соолугунун абалы, кимдер менен байланышканын жана башка жагдайлар жөнүндө сурайт.

Илдеттин жеңил түрү болсо, анда дарылоо үй шартында жүргүзүлөт. Ооруга кабылган балага жылуу суюктукту көп берүү керек. Бул вирустук интоксикацияны, ысытманы тез басууга, ошондой эле жөтөлдү жана ангинаны басаңдатууга мүмкүндүк берет. Көпчүлүк учурда COVID-19га чалдыккан балага тынчтык жана суюктукту көп ичүү зарыл.

Дарыларды дарыгердин дайындоосу менен гана колдонуу керек. Көбүн эсе дары-дармек талап кылынбайт, анткени COVID-19 балдарда көбүнчө жеңил өтөт.

Эгерде баланын абалы начарлап кетсе, токтоосуз түрдө “103” кызматына кайрылуу зарыл. Бул учурда баланы бала бакчага алып барууга болбойт.

Эскерте кетсек, балдарга COVID-19 инфекциясын жугузуучулар катары эмделбеген ата-энелер, туугандары жана жакындары саналат. Ошондой эле ковид менен ооруган бейтаптар, анын ичинде илдеттин белгилери билинбеген адамдар.

Пикир

Оставить комментарий