• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада бустердик дозаны 1,5 миң адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 6 миң 537 адам алды, жалпы 1 млн 452 миң 389 адам;
- экинчи дозасын 516 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 187 миң 249 адам;
- бустердик дозаны 1 миң 578 адам алды, алардын жалпы саны 128 миң 867 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий