• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Кыргызстан Малайзияга каршы муз талаасына чыгат

Спорт 0

Бишкек, 05.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 5-мартта, Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Малайзиянын командасына каршы оюн өткөрөт.

Дүйнө чемпионаты шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өтүүдө.

Кыргызстандык хоккейчилер менен Малайзиянын оюнчулары ортосундагы оюн саат 20:00дө башталат.

Буга чейин Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен муз талаасына чыгып, 13:1 эсебинде ирандык оюнчулар жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми Малайзия Кувейтти 5:2 эсебинде утуп алган.

Эскерте кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Иран, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашууда.

4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий