• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Балаңызды мектепке даярдадыңызбы? Базар бааларына саресеп

Билим 0

Бишкек, 21.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Жаңы окуу жылынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Буга байланыштуу азыр ата-энелер балдарын мектепке камдап, кем-карчысын толуктоо менен алек.

Билим күнүн утурлай Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп формасы боюнча токтому чыкты. Анда окуучулардын формасы классикалык стилге дал келиши керектиги белгиленди. Мектептерде 1-11-класстардын окуучулары бирдиктүү талаптарга ылайык, спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

- Эркек балдардын кийимдердин топтому: көйнөк, жилет, шым жана пиджак (кара, боз, көк жана кочкул кызыл);
- Кыздар үчүн мектеп формасынын топтому: блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак (кара, боз, көк жана кочкул кызыл).

Ошондой эле министрлик ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз экендигин айтты.

Биз бул ирет баланы мектепке даярдоодо орточо эсеп менен канча каражат сарпталарын билүү максатында Бишкектеги соода борборлорунун бириндеги жана базардагы бааларды карап чыктык.

Эркек балдардын ак көйнөгү сапатына жараша 600дөн 1800 сомго чейин турат. Соода борборлорунда алар 1000 миң сомдон 1800 сомго чейин болсо, базарларда баалар 600 сомдон башталат. Ал эми классикалык шымдардын баалары 900 сомдон өйдө. Пуловер базарда 1000-1500 сомдон, дүкөндөрдө сапатына жараша 1200 сомдон жогору баага тапса болот.

Кыздардын мектеп формасынын түрлөрүнөн башыңыз айланат. Тандоо көп болгондуктан, баягы эле сапаты жана баасы ойлондурбай койбойт. Кыздардын кофтасы 800 сомдон 2000 сомго чейин, классикалык шымдар 800-1000 сомдун тегерегинде болсо, юбканы 1200 сомго алса болот. Ак бантиктердин баалары 20 сомдон 150 сомго чейин коюлган.

Классикалык жана спорттук бут кийимдердин баасы да ар кандай. Мында баалар 1200-1800 сомдон башталат.

Ал эми окуучулардын мектепке көтөрчү китеп каптарынын баалары 560 сомдон 2500 сомго чейин жетет.

Жыйынтыктай келгенде, бир окуучуну мектепке даярдоо үчүн ата-эне капчыгынан он миң сомдон ашык акча каражатын кетирет.

Ошондой эле окуучулардын класстарына жараша колдонула турган концелярдык товарлары бар. Биз негизги делген окуу куралдарынын бааларына көз чаптырдык:

- дептер 5,5 сомдон 8 сомго чейин;
- калың дептерлер 45 сомдон жогору;
- альбом 80-120 сом;
- калемсап 10-25 сом;
- карандаш 8-15 сом;
- түстүү карандаш 80-200 сом;
- өчүргүч 25-40 сом;
- сызгыч 15-25 сом;
- күндөлүк 120-200 сом;
- калем салгыч 120-350 сом.


Дагы майда-барат окуу куралдарын кошкондо орточо эсеп менен бир окуучунун китеп кабын толтурууга 1 500-2000 миң сомдой каражат керектелет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2 300дөн ашык мектепте 1,5 миллиондой бала билим алат.

Пикир

Оставить комментарий