Бишкек, 24.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Балага 3 жашка чейин жылытма тамак берүүгө болбойт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдарды тамактандыруу бөлүмүнүн башчысы Эркайым Кадыралиева билдирди.
Анын айтымында, наристенин алгачкы үч жашына чейинки жашоосунда алган мээрим менен камкордук анын саламаттыгы жана андан аркы жашоосундагы ийгиликтери үчүн абдан чоң мааниге ээ. Төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки курактагы наристенин саламаттыгы толук кандуу тамактануусуна жана ойдогудай багуу менен тыгыз байланышта.
"Баланын 3 жашка чейин тамактануусун көзөмөлгө албаса балдар чоңойгондо каны аз болуп анемия, йоддун жетишсиздиги сыяктуу ооруларга дуушар болушат. Баланын бою өспөй калуусу дагы баланын кичине кезинде туура тамак бербегендиктен келип чыгат. Эң башкысы балага 3 жашка чейин эненин мээрими керек. Эненин мээримин алган бала келечекте зирек, акылдуу бала болуп чоңоет.
Алты айга толгон күндөн тартып, кошумча тамак берүүнү баштаңыз. Кошумча тамак катары күрүчтөн, кара дан (гречка) же сулудан жасалган коюу ботко, кесме же бир чай кашык каймак кошулган картошка пюре, мөмө-жемиштер, жашылчалар, жакшы тазаланган жана майдаланган жаңгак, боор, балык, жумуртка жана буурчак азыктарын колдонуу керек. Балага буурчак азыктарын жакшылап бышырып жана алардын кабыгын аарчып берүү зарыл. 9-11 айлык наристеге чайноого ыңгайлуу азыктардын бир кесимин берүүгө болот.
Ал эми сүт азыктарын балага 10 айынан баштап бере башташ керек. Сүт азыктары дегенде эле энелер дүкөнгө барып көзгө көрүнгөн буламыкты алып келип бере беришет. Бул туура эмес. Бала бирге чыкканда эле өздөрү эмнени жеп атышса, ошону баланын оозуна салып коюшат. Балага көрүнгөн бардык тамакты бере берген болбойт. Баланын ашказаны 1 жашта бардык эле тамак-ашты жегенге даяр болбойт. Ошондон улам, баланын кичинесинин ашказаны бузулат. Анан аны менен өмүр бою жапа чегет. Ошондуктан балага 3 жашка чейин өзгөчө көңүл буруу керек”,-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий