• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытайлык компания Бишкек шаарына таштанды ташуучу эки унаа берди

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Кытайдын «Хунань Цзюнсин» компаниясы Бишкек шаарына эки таштанды ташуучу унаа берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, атайын техника акысыз гранттык негизде берилип, Бишкекке жакын арада келет.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана «Хунань Цзюнсин» компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан.

Өз кезегинде катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводун куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык күчүн жумшоодо.

Пикир

Оставить комментарий