• 87
  • 89.63
  • 0.85

“Балага сүйүнчү” алуу үчүн арызды ким бере алат? Ата-энелерге маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда 1-октябрга карата “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн 107 миң 183 бала алды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул үчүн республикалык бюджеттен дээрлик 430 млн сом каралган. Анын ичинде 27 үч эм балага 1, 3 млн сом төлөнгөн.

Алдыда жарык дүйнөгө келген ымыркай үчүн бериле турган “балага сүйүнчү” жөлөкпулун алуунун жол-жобосу тууралуу маалымат менен тааныштырабыз.
- “Балага сүйүнчү” кимге чектелет?
2018-жылдын 1-январынан тарта төрөлгөн балдарга берилет;
- “Балага сүйүнчү” жөлөкпулунун өлчөмү канча?
• “Балага сүйүнчүнүн” өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
• Бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.
- Арызды кайсы жерге берсе болот?
Туруктуу жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлоруна жана жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек.
- Арызды ким берет?
• бала менен жашаган ата-энесинин бири;
• бала менен жашаган камкорчу;
• бала менен жашаган асырап алган адам;
• ишеним каттын негизинде ишенимдүү адам.
- “Балага сүйүнчү” кимдерге чектелет?
– Кыргыз Республикасынын жарандарына;
– кайрылман күбөлүгү бар этникалык кыргыздарга;
– балдары бар үй–бүлөлөргө социалдык жөлөкпулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктары жөнүндө макулдашуунун катышуучу–мамлекеттин чет өлкөлүк жарандарга: Россия, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Молдова, Тажикстан, Армения, Украина;
- “Балага сүйүнчүнү” чектөө үчүн өзгөчө шарттар барбы?
“Балага сүйүнчү” үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн баштап 6 ай ичинде тапшырылышы керек. Ушул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда “балага сүйүнчү” чектелбейт.
- Кайсы документтерди тапшыруу талап кылынат?
арыз ээсинин паспорту;
Эгерде арызды камкорчу же ишенимдүү адам тапшырса, анда кошумча документ талап кылынат:
• Камкорчу үчүн – балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
• Ишенимдүү адам үчүн – жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним кат;
Зарыл болгон учурда:
• Кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсү (кайрылмандар үчүн);
• баланын ата-энесинин жашап туруу укугунун көчүрмөсү (чет өлкөлөрдүн жарандар үчүн).
- Акча каражаты канча күнгө берилет?
Акча арыз берилген күндөн тартып 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт. Акча каражатты “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” банктарынын каалган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө алуу керек.

Жарандарды кызыктырган суроолор жаралса, жашаган жериндеги райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарга кайрылуу кажет. Ошондой эле mlsp.gov.kg сайтына, 0312 45-40-62, 0312 45-40-59 телефондоруна байланышуу мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир

Оставить комментарий