Баланын чүнчүгөнү байкалса эмне кылуу керек? Адистен кеңеш

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бойго жетүү – жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана кыйынчылыктарга толгон мезгил. Окуу жылынын башталышы, мектепти алмаштыруу, жаңы достор, жыныстык жактан өрчүү, экзамендерге даярдануу жана башка жагдайлар ар бир балага ар кандай таасир этет.

Адистердин пикиринде, кээ бир балдар мындай өткөөл учурун жеңил өткөзүшөт. Башкаларда болсо адаптация оор болуп, стресс жана депрессияга алып келет. Эгер бала депрессия болуп жатканын ата-энеси же жакындары байкаса, аны менен эмнеге кыжаалат экенин жана эмне тынчын алып жатканын сүйлөшүү керек. Айрым учурларда адистердин жардамы ашыкча болбойт. Балдар чүнчүгөн убакта эмнелерди билүү зарыл? Адистин кеп-кеңешин окуп алыңыз.

Депрессия – бул оору, дайым үмүтсүз акыбалда болуп, адатта кубаныч тартуулаган иштерге кызыгуусун жоготуу.

Бала кездеги депрессиянын дагы бир белгилерине түнттүк, кыжырлануу, тез-тез ыйлоо, мектептен көңүл коюусун жоготуу, тамакка табити тартпоосу же уйкунун бузулуусу (көп уктоо же уйкусуздук) кирет.

Наристе курактагы балдар оюндарга кызыгуусун жоготушу мүмкүн. Андан улуурак курактагы балдардын тобокелге баруу коркунучу жогору болот.

Кандай чара көрүү керек? Депрессияны дарылоого жана алдын алууга болот дешет адистер. Ал үчүн балаңыз менен мектепте, мектептен тышкары, үйдө эмне болуп жатканын талкуулоого зарыл.

- Балаңыздын тынчын эмне алып жатканын аныктоого аракет кылыңыз;
- Сиздин балаңызды билген жана сиз ишенген адам менен сүйлөшүңүз;
- Өзүңөрдүн дарыгериңерден кеңеш сураңыз;
- Балаңызды ашыкча стресстен, жаман мамиледен, зордук-зомбулуктан коргоңуз;
- Балаңыздын жашоосунда өзгөрүүлөр болгон учурда, мисалы, мектепти алмаштырган же жыныстык жактан өрчүү мезгилинде ага өзгөчө көңүл буруңуз;
- Балаңыз жетишерлик уктап, толук кандуу тамактануусуна, сергек жашоо мүнөзүн активдүү алып жүрүүсүнө жана өзүнө жаккан нерселер менен алек болуусуна кам көрүңүз;
- Балаңыз менен убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк табыңыз;
- Эгер балаңызда өзүнө зыян алып келүү ой пайда болсо же өзүнө кандайдыр бир зыян алып келген болсо, атайын адиске кайрылыңыз. Ар бир мүнөт сиз жана балаңыз үчүн маанилүү экендигин эстен чыгарбаңыз.

Пикир

Оставить комментарий