Балдар болушунча аракет кылышты — Таркович Сауд Аравия менен беттеш тууралуу

Спорт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Биз командалык оюнду көрсөттүк деп ойлойм, балдар болушунча аракет кылып, аягына чейин күрөшүштү. Мындай пикирин Кыгызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы "Ак шумкарлардын" Сауд менен болгон беттеши тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

Башкы машыктыруучу тогуз оюнчу менен Сауд Аравиясына каршы ойноо кыйын экендигин баса белгиледи.

"Айрыкча, экинчи оюнчубуз оюн талаасын таштагандан кийин, биз толугу менен коргоого өтүп, атаандаштын чабуулун күтүп, алар менен эле алек болуп калдык.

Мындай атаандаш менен биз төмөн блок менен ойноп, чабуулдарды эле күтүп ойной алмак эмеспиз. Албетте, биз оюнчуларды күрөшкө шыктандырдык, алар атаандашка каршы прессинг уюштурушу керек болчу. Бирок, тилекке каршы, оюнчулардын беттеш убагында жекеме-жеке оюндарынын ар кандай кырдаалдарда кандай аракет жасаарын биз башкара албайбыз", - деди Таркович.

Ал оюндун экинчи бөлүгүнүн башында үмүт болгондугун жана оюнчуларды чабуулдарды уюштурууга даярдашкандыгын кошумчалады.

"Бирок экинчи кызыл айып кагазынан кийин, бул дээрлик мүмкүн болбой калды. Ушундай татаал шарттарда өткөн оюнда 2-0 натыйжасы биздин команда үчүн канааттандырарлык.

Биздин эки оюнчубуз оюн тааласын таштаганы абдан жаман болду. Бирок, экинчи жагынан алып караганда, биз командалык оюнду көрсөттүк деп ойлойм, балдар болушунчу аракет кылып, аягына чейин күрөшүштү", - деп, оюндун жүрүшүндөгү алмашууларга токтолду.

Таркович улуттук курамада оюн тажрыйбасын топтоого муктаж болгон көп оюнчулар бар экендигин айтты.

"Командада муун алмашуу процесси жүрүп, курам жаңырып жатат. Албетте, жаракат алгандарды эске албай турган болсок, менин оюмча, азыр курамада өлкөнүн мыкты оюнчулары чогулган.

Жаңы оюнчуларды өнүктүрүү үчүн биз болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бул процесс көп убакытты талап кылаарын түшүнүү зарыл. Мен Кадыржанов, Сталбеков жана Шамурзаевди, аларды жоопкерчиликти сезип, оюн тажрыйбасына ээ болуп, маанилүү турнирлерде оюндун атмосферасын сезиш үчүн оюн талаасына чыгардым", - деп кошумчалады башкы машыктыруучу.

Ошондой эле Штефан Таркович алдыдагы Оман курама комадасына каршы беттеште улуттук курама жеңсе, кийинки этапка чыгууга дагы мүмкүнчүлүк болорун кошумчалаюы

"Бул беттеш менен баары аяктап калган жок. Күрөш уланууда", - деп Таркович сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, 21-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Аравия курамасына каршы Азия Кубогундагы экинчи оюнун өткөрдү.

Оюн 2:0 эсебинде Сауд Аравиянын курамасынын пайдасына чечилди.

Алдыда "Ак шумкарларды" Оман курама командасы менен болгон беттеш күтөт. Оюн 25-январда Абдулла бин Халиф стадионунда өтөт. Башталышы саат 21:00.

Пикир

Оставить комментарий