• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Маммүлктү башкаруу агенттигинин директорунун биринчи орун басары кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, президент буга чейин мамлекеттик агенттиктин директору Канатбек Тургунбековду ээлеген кызматынан бошотту.

Пикир

Оставить комментарий