Бишкек, 06.11.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдар онкологиясына рак илдетин аныктаган медициналык жабдуу тапшырылды. Жардам Help the children кайрымдуулук фонду тарабынан көрсөтүлгөн. Эми бул реактив жана картридж жабдууларынын жардамы менен 1200 баланын оорусун аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кайрымдуулук фонддун президенти Елена Каневанын айтымында, онкологиялык ооруга кабылган балдардын дартын аныктаган мындай жабдууну буга чейин да алып келишкен.
“Бул экинчи жолу көрсөтүлүп жаткан жардам. Анын суммасы 290 миң сомду түздү. Каражат жыл сайын өткөрүлүүчү кайрымдуулук концерттен түшкөн” - дейт Елена Канева.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жалпы 749 койка бар. Анын ичинен 70 койка балдардын онкологиясына арналган. Тилекке каршы жылына онкологиялык оору менен 200дөй бала катталып турат.
Оорукананын жетекчиси Шаирбек Сулайманов, айрым учурда рак илдетине кабылган балдардын дартын аныктоодо дал ушундай реагенттерге муктаждык жаралып калаарын жана кайрымдуулук фонд тараптан түрдүү жардамдар көрсөтүлүп турарын белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий