• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого катышты

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча жыйынга катышты.

Жыйынга Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана жарандык коомдун өкүлдөрү да катышты.

Мыйзам долбоору мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында, ошондой эле билим берүү системасын реформалоо зарылдыгына байланыштуу демилгеленген.

Талкууда Асель Чынбаева белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү милдетин койгон. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында да бул милдетти аткаруунун негизги чаралары чагылдырылган.

Ошону менен бирге Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы Буйругу кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий