Балдар укуктары боюнча өкүлдүн катчылыгы Балдарды коргоо күнүнө карата иш-чара өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 30-майда Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын катчылыгы тарабынан Балдарды коргоо борбору, “Балажан” республикалык борбору, "Бир Дүйнө" фестивалы менен биргеликте уюштурулган Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы жаңы конуштардагы мектептерден 180 бала, "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун окуучулары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – даректүү тасмаларда көтөрүлгөн темаларды талкуулоо үчүн маалыматтык-билим берүүчү диалог аянтчасын түзүү, балдарга тасмалардын режиссерлоруна жана каармандарына суроо берүү мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат.

Иш-чарада Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана башкалар куттуктоо сөз сүйлөштү.

Асел Чынбаева белгилегендей, балдар – биздин келечегибиз, ал эми мамлекет өз кезегинде алардын укуктары коргоого, жашоосу кубанычка толуп, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуулары үчүн бардыгын жасоого милдеттүү жана умтулат.

Балдар жана меймандар үчүн балдардын актуалдуу көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин чагылдырган "Кыз, такай, мектеп" жана "Азамат" даректүү тасмалары көрсөтүлдү.

Балдар тасмалардын режиссерлоруна жана каармандарына суроолорун берип, өз ойлору, таасирлери менен бөлүшө алган талкуулар болду.

Ошондой эле балдар үчүн музейге экскурсия уюштурулуп, алар Кыргызстандын бай тарыхы жана маданияты менен кеңири таанышышты.

"Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору "Мен жана менин Кыргызстаным" аттуу балдардын сүрөт көргөзмөсүн тартуулады. Жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде алардын көз караштары, өз мекенине болгон сүйүүсү көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү балдардын укуктарын коргоо жана алардын бакубат жашоосуна шарттарды түзүү үчүн мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий