• 87
  • 91.29
  • 0.84

Балдарды кароосуз калтырбаңыз! ӨКМ сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эске салат

Коом 0


Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ата-энелер жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун:

-сууга уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
- тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
- сууга мас абалында түшпөңүз;
- суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;
- кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
- күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
-үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
-көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.

Пикир

Оставить комментарий