• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кантта убактылуу кармоочу жайдан адам өлтүрүүгө шектелген жаран качып кетти

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Кантта убактылуу кармоочу жайдан адам өлтүрүүгө шектелген жаран качып кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Кушубек Сабыров изделүүдө.

Сабыров КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо), 207-беренеси (Каракчылык), 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 2023-жылдын 30-май күнү өткөн.

Кылмышка шектүү кечээ ден соолугунун начарлаганын айтып нөөмөт өтөп жаткан милиционерге кайрылып, дары алып келип берүүсүн суранган. Милициянын сержанты Ж.Т. кармоочу жайдын камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген маалда Сабыров милиционердин өмүрүнө коркунуч келтирип, бычакты мойнуна такап, жерге жаткырып, колуна темир кишен салып, бутун байлап, андан соң качып кеткен.

Окуя болгон жерден бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, темир кишен (наручник), уюлдук телефон табылган.

Аталган окуя боюнча Мамлекеттик чек ара кызматына Сабыровду мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган учурда кармоого тийиштүү багыттама берилди. Андан тышкары, Чүй облусунун аймагында шектүүнү кармоо боюнча бир канча план киргизилип, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле аталган факт боюнча Ысык-Ата РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 368-беренесинин (Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу) негизинде кылмыш иши козголду.

“Кушубек Сабыровду билгендер жана көргөндөр болсо жакынкы арадагы милиция бөлүмүнө же 102 номерине билдирип коюңуздар”, - деп белгилешти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий