• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жалпы суммасы 210 миң сом турган опалубкаларды сатып берүүгө ишендирип, жана ошондой эле пайдаланып турууга көндүрүп, качып жүргөн Ленинское айылынын тургунуна чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда да соттолгон 1996-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран аталган кылмышка шектелип кармалган.

Учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан бул жаран бир катар алдамчылык иштерге шектүү экени аныкталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий