Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарынын Биринчи май районунда майрамдык иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара "Россия" кинотеатрында болуп, анда жаш көрүүчүлөр үчүн суусундуктар таратылып, "Гарфилд" анимациялык тасмасы көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, аталган райондун чыгармачылык тобу тарабынан Панфилов атындагы сейил багында концерттик программа уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында мольбертке сүрөт тартуу, квиллинг, кийиз менен иштөө боюнча мастер-класстар өткөрүлдү жана концерттик программадан кийин балдарга таттуулар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий