• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басарлары Чүйдөгү соцобъекттерди кыдырды

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Күн мурун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарлары Самат Жантелиев, Бакай Турдугулов, Бактыяр Станбеков Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй райондоруна болгон жумушчу сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы менен таанышып чыгышты.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, алар иш сапардын жүрүшүндө төмөнкү объектилерге барышты:

1. Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылынын 100 орундуу бала бакчасы;
2. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын 120 орундуу бала бакчасы;
3. Чүй облусунун Чүй районундагы Кошой айылынын 225 орундуу орто мектеби;
4. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылынын орто мектебинин спорт комплекси;
5. Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылынын спорт комплекси;
6. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылынын спорт комплекси.

Социалдык объектилердин курулуш иштери менен таанышып чыгып, Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Кожоевге курулуштун сапаты мыкты болуусун, тездетип бүтүрүүсүн талап кылышып, курулушка тиешелүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий